Орунбеков: Жарыкты үнөмдөйлү! Мен үнөмдөбөсөм, сен үнөмдөбөсөң — ким үнөмдөйт?
Новость

“Бизде бир туура эмес психология калыптанып калган. Кээде унааны этиятсыз айдап бараткандарды көрсөк, “эмне, өкмөттүн машинесиндей айдап жатасыңбы?” деп коёбуз. Бул — мамлекеттик буюмду же мамлекеттин мүлкүн аябай, талкалап пайдаланса болот деген түшүнүктүн белгиси”,-деп жазды президенттин маалымат саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына.

Анын айтымында, ушундай эле мамиле электр энергиясына карата да байкалат. Тариф арзан болгондуктан, көпчүлүк жарыкты үнөмдөөнүн зарылдыгын сезбейт.

“Мына акыркы жылдары курулуш күчөп, завод-фабрикалар ачылып, жаңы айылдар пайда болду. Натыйжада электр энергиясына болгон муктаждык эселеп өстү. Мурда деле өндүрүлгөн электр энергиясы өлкөнү толук камсыздай алчу эмес, азыр бул тартыштык дагы да курчуду.

Өкмөт мамлекеттик мекемелерде электр энергиясын катуу көзөмөлгө алып, үнөмдөө режимин киргизди. Элге да жарыкты сарамжалдуу пайдалануу сунушталууда. Ошол эле учурда энергетикалык муктаждыкты жабуу үчүн ири долбоорлор ишке ашырылууда. 

Кубаттуулугу 1860 МВт болгон “Камбар-Ата–1” ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары, “Камбар-Ата–2” ГЭСинин 120 МВт кубаттуулуктагы экинчи агрегатынын курулушу башталды.

100 МВт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСи 2027-жылы пайдаланууга берилет. Күн жана шамал электр станцияларынын курулушу да башталып, жакынкы жылдары ишке кирет. Орто-Токой ГЭСи аяктоо баскычында. 2021–2025-жылдар аралыгында 30дан ашуун чакан ГЭС курулуп, ишке берилиптир. 

Ал эми 2025-жылы эле:

- 7 чакан ГЭС ишке кирип, 48 МВт кошулду;

- Токтогул ГЭСинде 4 гидроагрегат реконструкцияланып бүтүп, 240 МВт кубаттуулукка жогорулады;

- Кемин районунда 100 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы ишке берилди;

- Бишкекте курулган таштандыны кайра иштетүүчү заводу 30 МВт электр энергиясын өндүрө баштады;

- Үч-Коргон ГЭСинин эки агрегаты жаңыланып, 18 МВт кошулду;

- Каракөл ГЭСи курулуп, 21 МВт кубаттуулук берди.

Мындан тышкары жабдуулар жаңыланып, жаңы техникалар алынууда. Учурда 50гө жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул иштердин жыйынтыгы 2030-жылдарга барып толук сезилет. Ошондо Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетип, ал тургай электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.

Бирок ага чейин ар бир кыргызстандык электр энергиясын үнөмдөп, жоопкерчилик жана мекенчилдик сезим менен мамиле кылуусу абзел. “Бул өкмөттүкү” деген кайдыгер психологиядан арылбасак, эртең көйгөйдү өзүбүз жаратабыз.

Бүгүн республика боюнча электр энергиясын керектөө 74,274 млн кВт/саатка жетти, ал эми биздеги ГЭСтердин өндүрүшү болжол менен 57 млн кВт/саатты түзүүдө. Токтогул суу сактагычына секундасына 167 м³ суу агып кирип жатса, 769 м³ суу агып чыгып жатат. Бул көп электр энергиясын өндүрүү зарылдыгынан улам болууда.

Климаттык өзгөрүүлөр, кардын аз жаашы суунун көлөмүн кыскартып жатат. Эгер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбасак, суу сактагычтарда керектүү көлөмдү топтой албай калуу тобокелчилиги бар.

Ошондуктан, урматтуу мекендештер, жарыкты үнөмдөйлү! Мен үнөмдөбөсөм, сен үнөмдөбөсөң — биз үчүн ким үнөмдөп берет?”,-деп жазган Орунбеков.