Ала-Букада бир үй-бүлө иске ууланып каза болду
Новость

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында бир үй-бүлө көмүрдүн исине ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 32 жаштагы эркек киши, 24 жаштагы жубайы жана алардын бир жана эки жаштагы кыздары кайтыш болушкан. Окуя болгон учурда үйдө башка адамдар болбогону айтылууда.

Учурда бул факты боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тактоо жана иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кырсыктын так себептери аныкталууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кыш мезгилинде көмүр исине уулануу фактылары жыл сайын катталып келет. 2025-жылдын декабрь айында Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында үч жаш бала көмүр исине ууланып каза болгон. Анда алты, үч жана бир жаштагы бир туугандардын өмүрү кыйылып, алардын 27 жаштагы апасы сегиз жаштагы кызы менен ооруканага жаткырылган.

Мындан тышкары, былтыр апрель айында Чоң-Алай районунда бала бакчанын отканасында көмүр исине ууланган 40 жаштагы киши жана анын 14 жаштагы уулу каза тапкан.

ӨКМ жарандарды жылытуу мезгилинде мештерди жана жылытуу шаймандарын коопсуз пайдаланууга, морлорду өз убагында тазалоого жана желдетүү эрежелерин сактоого чакырат.