Маркум этнограф Имель Молдобаевдин “Манас” эпосу жана кыргыздын башка кичи дастандарын жөнүндө изилдеген илимий эмгектери тууралуу коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн кабары жок. 1979-жылы ал Ленинградда этнография боюнча “Эпос “Жаныш и Байыш” как историко-этнографический источник” (“Жаныш-Байыш” эпосу-тарыхый-этнографиялык маалыматтардын булагы”) аттуу кандидаттык диссертациясын коргогон. Анын илимий жетекчиси көрүнүктүү тарыхчы Кушбек Үсөнбаев болгон. Молдобаевге диссератациясын методологиялык жактан жазууга белгилүү советтик окуумуштуулар Саул Абрамзон, Вадим Ромодин жана Александр Грач көмөк көрсөтүшкөн. 1970-жылдардын аягында ал “Манас” эпосун тарыхый-этнографиялык булак катары изилдей баштайт. Нечен ирет Сибирге барып, кыргыздар тууралуу этнографиялык маалыматтарды чогулткан. Бул материалдарды “Манас” эпосу жана башка кичи дастандардагы маалыматтарга илимий түрдө салыштырган. Молдобаев “Манас” эпосуна арналган үч монография чыгарган. 1985-жылы “Отражение этнических связей киргизов в эпосе “Манас” (“Манас эпосундагы кыргыздардын этникалык байланыштары”) аттуу китеби орус тилинде жарыкка чыккан. Анын бул илимий эмгегин ата мекендик жана чет элдик илимпоздор жогорку баасын беришкен. Атактуу археолог Дмитрий Винник:“ Молдобаев жогорудагы илимий эмгегинде “Манас” эпосун гана изилдөө менен чектелбестен, кыргыздардын фольклоруна таянып, алардын Түштүк Сибирь жана Алтай калктары менен байланыштарын изилдеген”-деп баса белгилеген. 1995-жылы анын “Эпос “Манас” - историко-культурный памятник кыргызов” (“Манас эпосу” кыргыз элинин тарыхый-маданий эстелиги”) аттуу эмгеги орус тилинде басылмадан чыккан. Ошол эле жылы Молдобаевдин илимий эмгеги «Манас–1000» мамлекеттик дирекциясы өткөргөн конкурстун натыйжасында, атайын сыйлык менен сыйланган. Бир аз убакыттан кийин “Манас” эпосу боюнча докторлук диссертациясын коргогон. Тилекке каршы 2005-жылы Молдобаев узак ооорудан каза болгон. “Манас” эпосу менен байланыштуу кызыктуу тарыхый-этнографиялык фактылар анын “Манас” - историко-культурный памятник кыргызов” китебинен алынды.
Манасчылар жөнүндө алгачкы тарыхый маалымат. Кыргыз эли Енисейде жашаганы тууралуу “Манас” эпосунда чагылдырылган. Буга далил катары XII кылымда жашаган Селжук султандарынын дарыгери жана тарыхчы Аль-Марвази өзүнүн илимий эмгегинде “Кыргыздардын арасында өзгөчө дастанчылар бар” деп жазган. Бул тарыхый факт кыргыздардын Түштүк Сибирдеги элдер менен болгон этногенетикалык жана маданий байланыштарын дагы бир жолу тастыктайт. Дагы бир далил “Манас” эпосунда “кыяк” аттуу аскердик термин айтылат. Бул сөз жоокердин көкүрөгүн жапкан жалпак металл же тери зоот кийимин билдирет. Жогорудагы термин якут жана алтай дастандарында “куях” жана “куяк” деп айтылат. Мындай аталышты монгол тектүү элдердин тилинде кезиктирүүгө болот.
Алтай эли менен жакындык. Манас эпосунда дөөлөс уруусу жөнүндө айтылат. Жогорудагы тайпа түрк тектүү калктардын арасында алтай элинин ичинде гана бар. Алтайдын түндүк-чыгыш (азыркы Алтай республикасы) тарабында “Дөөлөстөрдүн көлү” жайгашкан. Бүгүнкү күндө анын экинчи аталышы “Алтын көл”. Алтайлык карыялардын маалыматы боюнча илгери бул көлдүн тегереги дөөлөс уруусуна таандык болчу. Бул тайпа туралуу “Дөөлөс төрүн бербейт, өлсө — көрүн бербейт” деген макал бар. Алтай элинин арасында дагы ушундай мааниде макал бар. Себеби ушул уруунун өкүлдөрү төрүн берген эмес. Ошол эле учурда алар башка тайпалардын мүчөлөрү каза болсо мүрзөсүнөн орун бергенден баш тарткан.
Кыргыс фамилиясы: Тыва элинин курамында монгуш (кыргызча мунгуш) жана кыргыс аттуу ири уруулар бар. Бул элдин басымдуу бөлүгүнүн фамилиялары жогорудагы эки уруу менен байланыштуу десек болот. Тывалык карыялардын маалыматына таянсак 1687-жылы монгуштардын бир бөлүгү Ала-Тоого көчүп кеткен. Бул уруу жөнүндө “Манас” эпосунда да айтылат. Мунгуш, тейит, каңды тайпалары ичкиликке кирет жана чет жактан келген деп эсептелет. Ата Мекендик изилдөөчүлөрдүн көз карашында енисейлик кыргыздар IХ кылымда уйгур каганатын талкалап, Тывага Миң-Суу өрөөнүнөн (азыркы Минусинск, Хакасия) көчүп келишкен. Ошол учурда алар уйгурларга каршы согушуп жаткан учур эле. Ушул себептен улам тывалыктардын ондар урусуунун курамында ондар-уйгур жана ондар-кыргыз аттуу уруктар бар. Азыркы күндө да айрым карыялардын айты бергени боюнча кыргыз жана уйгурлар менен байланыштуу уламыштар сакталып калган.
Баян Талаадагы табышмак. 1987-жылыТыванын Сүт-Хөл районунун Баян-Талаа кыштагынын тургуну жетимиш жаштагы Монгуш Содунам аксакал белгисиз тарыхый маалыматты айтып берген. Бул айылдагы карыялардын айтымында Баян-Талааны илгертен бери тыва элинин уюткусун түзгөн монгуш, кыргыс жана куулар тайпалары жердейт. Содунам аксакалдын айтымында Манас каза болгондо, анын сөөгү Баян-Талаада коюлган. Бул талаанын узундугу 40-50 чакырым, туурасы 10-15 чакырымга жетет. Таң калычтуусу бул талаа абдан жазы, чөбү мол болот. Үч жагынан Хемчик, Чадан жана Дүбүрөк суулары агат. “Баян” монгол тилинен бай деп которулат. Азыркы күндө тывалыктар талаа деген сөздү колдонбойт. Анын ордуна хову деген сөздү колдонушат. Бүгүнкү күндө Манастын сөөгү коюлган деп божомолдонгон аймак Баян-Талаа Ховузу деп аталат. Тывадагы Ийе-Тал айылдын жанында Барак дарыясы бар. Бул дарыя Енисейге (тува тилинде Улуг-Хем деп айтылат) куят. XIX кылымда россиялык чыгыш таануучу Василий Радлов “Манас” эпосун жазып алган. Анын вариантында “барык, балакчан эли” деген татаал этнотопоним чагылдарылган. Тыва тилинде “хем” (кем) деген сөз суу же дарыяны билдирет. Ушул топоним менен гидронимден Кыргызстанда Кемин аттуу географиялык аталыш пайда болгон.
Тыва ак-сөөгүнүн демилгеси: 1987-жылы жетимиш жаштагы О. Д. Куулар аксакал Тыванын тарыхындагы өтө кызыктуу окуяны айтып берген. Анын айтымында “ХIХ кылымдын аягында Даа кошуунунун башчысы Хайдын-нойон ак-сөөктөр менен ламаларды (буддалык диний ишмерлер) чогултуп, курултай өткөргөн. Ал бул курултайда тывалыктарды Кыргызстанга көчүрүү тууралуу сунуш берген. Биринчи себеп: Ала-Тоодо дүйнө жүзү боюнча кунарлуу жайыттар жайгашкан. Экинчи себеп: Тывалыктардын эң жакын бир туугандары кыргыздар нечен кылым мурда Ала-Тоого көчүп кеткен. Андан тышкары жогорудагы курултайда Хайдын-нойон кандаштарын Чыгыш Түркстандагы Турпан өрөөнүндөгү Ангыр-Кодазы аймакка (азыркы Батыш Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном облусунун Ак-Суу аймагынан ооданы) көчүп кетүүгө үгүттөгөн. Анын пикиринде ондар-уйгур уруусунун Үч-Турпан чөлкөмүндөгү уйгурлар менен түбү бир эл. Андан тышкары бул нойондун айтымында жогорудагы аймакта дагы башка тывалыктар жашайт. Бирок төбөлдөр Хайдын-нойондун сунушун четке кагып, эч жакка көчпөө жөнүндө чечим кабыл алган”,-деп Куулар эскерген.
“Суу курту”. Хакас карыялардын айтымында илгерки кыргыздар балык жеген эмес, аны “суу курту” деп атаган. Айрым уламыштарда алар балыкты таза сууну булгабасын деген максат менен Енисей дарыясынан өзүнчө каналдарды казышкан деген маалымат айтылат. Тактай кетчү жагдай XIX кылымда кыргыздар балыкты жешчү эмес.
Хан Кошой. XVII кылымдагы белгилүү тарыхчы жана географ Махмуд ибн-Вали “Бахр-ал-асрар” аттуу илимий эмгегинде: “Он эки миң түтүн кыргыз 1045-жылы раджаб айында (02.12.1635-09.01.1636) Каракорум менен Керуленден (азыркы Монголия) Каратегин аркылуу Гиссарга көчүп келди. Алар бутпарас болгондуктан, ислам дини жөнүндө кабары жок болчу”, - деп баса белгилеген. Борбордук Азиянын түпкүрүнөн келген көч тууралуу тарыхый факт менен байланыштуу бир окуя “Манас” эпосунда чагылдырылган. Катаган уруусунун ханы Кошой кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүү тууралуу демилге көтөрөт. Алар анын демилгесин колдошот. Аксакалдардын сунушу менен Хан Кошой көчтүн башчысы болуп дайындалат.
Жалпы кыргыз бүткөндү,
Жайбаракат көчүрүп,
Катагандын кан Кошой
Караан болуп Манаска
Дегенине көндү эми
Манасчы Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча катаган уруусу Түндүк Афганистандын Кундуз жана Талкан аймактарында жашайт деп айтылат. Бүгүнкү күндө да Афганстандын түндүк-чыгышында кыргыздын катаган тайпасы жердейт. Ошол эле учурда алардын жанында өзбек элинин курамындагы катаган уруусу жайгашкан.
Автору: Алмаз Батилов