Чалгынчынын узак жолу
Новость

Хасан Булатов ата мекендик алгачкы чалгынчылардын катарына кирет. Анын өмүр баяны тууралуу өзүнчө көркөм тасма тартууга татыктуу. Ал 1920-жылдары Түштүк Кыргызстандагы басмачыларга каршы салгылашкан. Булатовдун биографиясындагы бул факты тууралуу белгилүү акын Омор Султанов “Паңсаттын акыркы күнү” аттуу чыгармасында чагылдырган. 1935-1940-жылдары каарманыбыз “Чоң оюн” деп аталган геосаясий тирешүүгө катышкан. Азыркы күндө да бул маалыматтар мамлекеттик купуя сыр. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда бандиттер менен дезертирлирге каршы күрөшкөн. 1950-жылдардын башында Орто-Токой суу сактагычын салууга чоң салым кошкон. 1969-жылы Булатов, сценаристтер Герасим Дегальцев жана Асан Шершенов менен биргелешип “Буктурма” көркөм тасмасынын сценарийин жазган. Бул тасма Кыргыз ССРнин кинематографиясынын тарыхында жаралган биринчи блокбастер болду. «Маалымат» студиясынын штаттан сырткары кабарчысы  Алмаз Батилов Хасан Булатовдун өрнөктүү өмүрүндөгү урунттуу учурларды эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

1.      Билимге кыйын жол. Хасан 1906-жылы Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында төрөлгөн. Анын атасы Исхак Булатов Көл кыласынын Тору-Айгыр айылынын кулуну болчу. Ал орус-тузем мектебинде окуп, бир аз мугалим болуп эмгектенет. Андан соң Жаркент (Казакстан, Жеты-Суу облусунун борбору) падышалык Россиянын администрациясында тилмеч болуп иштеген. Ал улуу баласы Юсупту Верныйда (азыркы Алматы) гимназиядан окутат. Аны менен чогуу Хасан да окуган. Тилекке каршы 1915-жылы беш жылдан кийин гимназия жабылып, эки бир тууган аргасыздан Жаркентге кайтышат.

2.      Мугалим. Хасан 1914-1918-жылдары бул калаадагы татар мектепте окуйт. 1918-жылы атасы каза болот. Агасы Юсуп Хасан менен карындашын Айнушту тарбиялайт. Ошол жылдары падышалык Россия кулап, өлкөдө жарандык согуш башталат. Юсуп Кеңеш өкмөтү тарабына өтүп, анын душмандарына каршы салгылашат. Ал эми Хасан 1918-1921-жылдары Кулжа шаарындагы (азыркы Кытайдын Иле-Казак автоном облусунун борбору) татар мектебинде билимин уланткан. Аны бүткөн соң Жаркенттеги уйгур-казак мектебинде мугалим болуп иштей баштайт. Ошол учурда агасы Юсуп Жаркент уездинде жана Алматыда жооптуу кызматтарда эмгектене баштаган. Хасан эсепчи адистигин да өздөштүрөт. Бир аз убакыттан кийин ал Ата Мекенге кайтып, Кыргыз АССРнин профсоюзунда котормочу болуп эмгектенет. 1925-жылы карындашы Айнуш кыргыз кыз-келиндеринин арасынан биринчилерден болуп Саратов шаарындагы юридикалык мектебине өтөт. Ал 1930-жылы бул окуу жайды ийгиликтүү бүтүп, Фрунзеде сот болуп иштеп баштайт.

3.      Чекисттик жолдун башталышы. Хасан Булатов геолог болсом деген кыялы бар болчу. Ал Москвада геология институна тапшыруу үчүн рабфакка (даярдоо курсуна) өтөт. Бирок ал жерден аны Ташкент шаарындагы ГПУнун (Мамлекеттик саясий башкармалык) мектебине жөнөтүшөт. Бул мектеп чекисттерди даярдаган. Эмне үчүн Хасанды атайын кызматтын катарына кабыл алынган деген суроо жаралат. Кыязы атайын кызматтын жетекчилиги Булатов кыргыз тилинен башка орус, казак, татар жана уйгурча суудай сүйлөгөнү жана ыкчам кызматкерге таандык сапаттары бар үчүн тандап алган болуш керек.

4.      Басмачыларга каршы салгылашуулар. 1929-жылы аны жетекчилик Жалал-Абад аймагына ГПУнун башкармалыгына жиберет. Ошол эле жылы ал Сузак районундагы козголоңду басууга катышкан. Андан соң Алайда жана Ошто иштеп тажрыйба топтогон. 1932-жылы басмычылардын белгилүү корбашысы Гаип-паңсатты жок кылып, анын тобун талкалаган.

5.      Өмүрлүк жар. 1934-жылы чекисттер тоодон аткезчилердин кербенин колго түшүрөт. Алардын арасында Хасан да бар эле. Колго түшкөн олжонун ичинде көп зер буюмдар болгон. Чекисттер бул олжонун ичиндеги кымбат кийим, кемер курлар жана кара баркыттан саймаланып, алтын жиптер менен кечтеленген чепкендерди Ош шаарындагы музыкалдык театрына (азыркы Бабур атындагы өзбек академиялык драма театрына белек кылууну чечишет. Ал жерден Булатов актриса Гүлжихан менен таанышат. Бир аз убакыттан кийин экөө баш кошот.

6.      Атайын операция. 1935-жылы аны жетекчилик жубайы Гүлжихан менен Үрүмчү шаарына жиберет. СССРдин чалгын кызматы Хасанга Синьцзяндын төбөлдөрү менен жакындашып, бул аймактагы саясий жана социалдык-экономикалык абал тууралуу Борборду так маалымат менен камсыздоо тапшырмасы берилет. Ал Борбор жасап берген документтерде теги уйгур Үрүмчүнүн тургуну Хашим-ажыга айланат. Уламыш боюнча нечен жыл мурун такыба Хашим (Хасан) ажылыкка Меккеге кетет. Ал далай жыл бөтөн жерде жашап, ал жерден Гүлжиханга үйлөнөт. Ата Мекенин сагынып, Синьцзянга кайтты деген сөз тарайт. Аны Үрүмчүдөн тымызын иштеген советтик чалгынчылар тосуп алып, ага колунан келген көмөк көрсөтүшөт. Хашим-ажыны (Хасан) жандармерияга (ички иштер мекемеси) орнотушат. Ошентип ал атайын операцияны баштайт. Бул иш-чара беш жылга созулган. Ал эми агасы Юсуп Кыргыз АССРнин Эл комиссарлар кеңешинин иш башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип жаткан учур эле.

7.      Үрүмчүдөгү тобокел. Булатов жандармерияда иштеп жүрүп, жогорку кызматка жетет. Андан тышкары Синьзяндын губернатору менен ынак болууга жетишип, баалуу маалыматтарды алып турган. Мындан сырткары Хашим-ажы (Хасан) губернатор уюштурган салтанаттуу кечелерде тыңчылары менен жолугуп, маалымат алган. Ошол эле убакта ал сагызгандай сак болчу. Себеби жергиликтүү контрчалгын кызматы көп советтик чалгынчыларды колго түшүрүп, көзүн тазалаган. Көпчүлүк учурда Булатов түнү менен тыңчылырына жолугуп, маалымат алып, талдап, Борборго жөнөтчү. Андан кийин таң ата электе мечитке барып, намаз окучу. Күн чыгалекте анын такай намаз окуп жатканын көргөн мечиттеги азанчылар таң калып: Хашим-ажы (Хасан) анык такыба таксыр деп аңыз кеп кылышчу.

8.      Кытай гүлү. Хасандын жубайы. Гүлжихан губернатор уюштурган бир салтанаттуу кечеде кытай ак сөөктөрүнүн аялдарынын буттарын көрүп таң калган. Себеби төбөлдөрдүн жубайлары бутуна тура алышчу эмес. Буларды малайлары пилдин сөөгүнөн жасалып кооздолгон атайын замбилдерде ташычу. Кытайдын төрөлөрүнүн байыркы салты боюнча ак сөөк кыздардын төрт жашынан баштап таманын кайыш кур менен ороп салчу. Муну менен алардын буттары өспөй калчу. Мындай аяктарга ээ болгон кыздар, сулуу деп эсептелчү. Аларды акындар лотос гүлүнө (кооз ири гүлдүү суу өсүмдүгүнүн бир түрү) салыштырып, даңазалап ыр жазышчу. 1949 -жылы коммунисттер Кытайда бийликти колго алган соң, бул салтка тыюу салган.

9.      Репрессиядан качуу. 1937-жылы Борбор Булатовго биринчи жубайынан төрөлгөн уулун Феликсти Базар-Коргон районунан алып кетүүгө уруксат берет. Хасан жубайы менен Москвага барып, Борборго отчет берет. Ал жерден Синьцзяндагы атайын операциянын жетекчиси чекист: Булатов Кыргызстанга барбай коё тур, бир тууганың Юсуп жана башка жакындарың да камалды деп кеңеш берет. Чынында эле 1937-жылы Юсуп Кыргыз ССРинин совхоздор комиссариатын жетектеп турган учурда камалып, 1938-жылы Чоң-Таш айылында атылган. Карындашы Айнуш Фрунзеден Рыбачьеге (азыркы Балыкчы) качышып, отурукташып калышкан. Кесиптешинин кеңешин угуп Хасан Алматыга келип, жубайы Гүлжиханды калтырат. Өзү тымызын Базар-Коргонго келип, уулу Феликсти алып кетет. 

10.    Софья. 1930-жылдардын аягында Ички Кытайда ачарчалык болот. Айласы кеткен калк Синцзянга качат. Ачкадан өлбөс үчүн балдарын азык-түлүккө баалап сатышкан. Ушундай азап чеккен бир үй-бүлөнүн кызын базардан Хашим-ажы (Хасан) бир кап күрүчкө сатып алат. Бул кызды экөө асырап алышат, анын атын Софья деп коюшат. Ал да экөөнү ата-эне катары көрүп, тез эле уйгур тилин өздөштүрөт. 1940-жылы Борбордон Хасан менен Гүлжиханга СССРге кайтуу боюнча буйрук келет. Алар Софьяга үй-мүлкүн жазып кетүүгө үлгүрөт. 1990-жылдардын башында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлүп, соода туризми башталганда Гүлжихан Кулжага барып Софьяны тапсам деп көксөгөн. Тилекке каршы максатына жетпей калган.  

11.    Кызматтан кетүү. Кыргызстанга кайткан соң, Хасан Исхакович аз жерден репресссия кабылып кала жаздаган. Булатов байдын тукуму болуп чалгын кызматына орношкон. Андан тышкары бир туугандары эл душмандары деген тоголок кат атайын кызматка түшкөн. Анын үстүнө аны колдогон чекисттер репрессияга кабылып, атылып кетишкен. Хасандын Ата Мекен алдында өтөгөн мурдагы кызматы эске алынып, түрмөгө камалган эмес. Бирок чалгын кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

12.    Дезертирлер менен күрөшүү. Булатов жумушсуз калгандыктан, кайындарына Ошко кетет. Ош облусунун финансылык бөлүмүндө жана өнөр жай боюнча бюронун жетекчиси болуп иштейт. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, кан майданга суранат. Бирок жетекчилик аны кайрадан атайын кызматтын катарына алышат. Ошол учурда Ош облусунун айрым райондорунда кайрадан басмачылык кыймылы жанданат. Согуштан качкан дезертирлер тоолуу аймактарга жашынып жергиликтүү калкты тоноп, күн көрсөткөн эмес. Аларга каршы чекисттер аёосуз күрөш жүргүзгөн. Бир ирет дезертилердин тайпасын колго түшүрүшкөн. Башчыларын трибунал атууга өкүм чыгарып, атылышкан. Ал эми калган дезертилерди фронтко жөнөткөн. Булардын бирөөсү Жумабаев кан майданда эрдик көрсөтүп, медаль менен сыйланган. Ал фронттон аман-эсен кайтып келип, Хасанга чын жүрөгүнөн ыраазычылык билдирген. 1944-жылы Булатовго майор наамы ыйгарылган. Ата Мекендин алдында ак дилинен кызмат өтөгөн үчүн Эмгек Кызыл Жылдыз, эки ирет Кызыл Жылдыз ордендери жана алты медаль менен сыйланган.

13.    Орто-Токой суу сактагычын салуу. 1946-жылы Караколго которулган. Бир аз убакыттан кийин майор Булатов отставкага кеткен. Андан кийин Кыргыз ССРнин эт-сүт министрлигинин жетектеген. Москвадан келген чиновник менен уруша кетип, кызматын өткөрүп берген. Ал эми 1952-жылы Кочкор районунда Орто-Токой суу сактагычын салууга катышат. Анын курулушуна чоң салым кошкон. Орто-Токой Кыргызстанда эң алгачкы курулган суу сактагыч.

14.    Буктурма фильми. Хасан Исхакович күндөлүк жүргүзгөн, ыр жазчу, мемуар жазсам деген кыялы болгон. 1969-жыл, сценаристтер Булатов, Герасим Дегальцев жана Асан Шершенов “Буктурма” көркөм тасмасынын сценарийин жазган. Ушул сценарийде Хасан өзүнүн жаштыгын чагылдырган. Жогорудагы тасманын режиссёру Геннадий Базаров болгон. Бул тасмада 1920-жылдардагы республиканын курч коомдук-саясий абалы жана басмычылар менен Кеңеш өкмөтүнүн ортосунда тирешүү көрсөтүлөт. Муну менен советтик Кыргызстандын кинематографиясынын тарыхында алгачкы блокбастер жаралган. 14-июлда 1970-жылы майор Хасан Булатов жарык дүйнө менен коштошкон.