22-февралда Италиянын Верона шаарындагы тарыхый Рим амфитеатрында XXV Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи өтүп, оюндар расмий жыйынтыкталды.
Салтанат «Иш жүзүндөгү сулуулук» аталышындагы шоу-программа менен коштолду. Жабылуу аземинде делегациялардын парады өтүп, Италиянын жана Олимпиаданын желектери көтөрүлдү.
Бул Олимпиаданын өзгөчөлүгү — тарыхта биринчи жолу Олимпиадалык эки от бир убакта эки шаарда: Милан менен Кортина-д’Ампеццодо өчүрүлдү.
Ошентип, Милан – Кортина-2026 Кышкы Олимпиадасы расмий түрдө аяктады.