"Учурдагы аймактык жана глобалдык чакырыктар бизден тилектештикти гана эмес, аймактык тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн конкреттүү, макулдашылган кадамдарды талап кылууда. Мындай шартта Түрк мамлекеттер уюму жөн гана кызматташтык платформасы эмес, жамааттык туруктуулуктун инструменти жана алдын ала чара көрүүчү механизм болушу керек.” – деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын / Вице-президентинин экинчи жыйынындагы сөзүндө.
Анын айтымында талдоо көрсөткөндөй, Түрк мамлекеттер уюму бүгүн маданий өз ара кызматташтыктын алкагынан чыгып, Евразия мейкиндигинде жаңы күч борборуна айланып баратат. Мүчө-өлкөлөрдүн жалпы ички дүң продукциясы 2,4 триллион АКШ долларынан ашат, ал эми калкынын саны 160 миллион түзөт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча түрк аймагы экономикалык өсүштүн орточо 6 пайыз деңгээлин көрсөттү, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору. Бул контекстте Министрлер Кабинетинин Төрагасы Уюмдун мүчө-мамлекеттеринин потенциалын колдонуу жана экономикалык көрсөткүчтөрдү көтөрүү максатында “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040” аттуу концепциясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“2025-жылдын 18-сентябрында Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын биринчи жолугушуусу кыргыз төрагалыгынын жыйынтыктоочу, ошол эле учурда тарыхый маанилүү окуясы болгонун баса белгилейм. Биз төрагалык кылган мезгилде 170тен ашуун иш-чара өткөрүлүп, 10 жаңы кызматташтык платформасы ишке киргизилди.” -деди МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев.
МинКаб башчысы өз сөзүндө Кыргызстан соңку 5 жыл аралыгында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча системалуу реформаларды жүргүзгөнүн белгилеп, Түрк инвестициялык фонду, “Түрк-Трейд” платформасы, Борбордук банктардын кеңеши, Жашыл каржылоо боюнча түрк кеңеши, ошондой эле Ташкентте, Бакуда жана Ысык-Көл жээгинде өткөрүлгөн бизнес-форумдар сезилерлик натыйжаларды алып келип жатканын билдирди. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 950 млн АКШ долларын түзгөн, анын ичинде Уюмга мүчө-мамлекеттерден – 220 млн АКШ доллар. Уюмга мүчө-мамлекеттер менен соода жүгүртүүнүн көлөмү болсо 3,3 млрд АКШ долларын түздү.
Ошондой эле ал, Уюмдун алкагындагы транспорттук кызматташтык жөнүндө сүйлөп жатып, кыргыз тарап Азербайжан жана Түркиянын ийгиликтүү тажрыйбасын эске алып, (e-CMR) электрондук жүк барагын этап-этабы менен киргизүүнү сунуштады.
“Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров өткөн жылы орун алган «Борбордук Азия + Азербайжан» жолугушуусунда Зангезур коридору «Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан» темир жолунун логикалык уландысы экенин белгилеп кеткен. Бул байланыш түйүнү Кытайдын Тынч океан жээгинен Борбордук Азия, Каспий, Азербайжан жана Түркия аркылуу европалык рынокторго чейин жетет.”-деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы акыркы 5 жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 110 МВт болгон 27 чакан ГЭС ишке киргизилгенин, мындан тышкары, жалпы кубаттуулугу 6050 МВт жана инвестициясы 4,7 млрд АКШ долларын түзгөн күн жана шамал станциялары боюнча келишимдер түзүлгөн билдирип, Кыргыз Республикасы ушул багытта инвестицияларга ачык жана конструктивдүү диалогго жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин баса белгиледи.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев сөзүн жыйынтыктап жатып, Уюмдун Мамлекет башчылары тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруу максатында уюмдагы тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтуу, санариптештирүү чөйрөсүндө кызматташтыкты күчөтүү жана адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын берди. Ошондой эле ал, тыгыз маданий-гуманитардык кызматташуу аймактык стабилдүүлүктүн ажырагыс шарты экенине бекем ишеничин билдирип, Кыргыз Республикасында ушул жылдын 1–6-сентябрында өтө турган, Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Уюмдун мүчө-мамлекеттерин активдүү катышып кетүүгө чакырды.