Дүйнө чемпионатындагы үчүнчү орун үчүн болгон беттеш дүйнөлүк футболдун тарыхында түбөлүккө калат. Өтө курч мүнөздө жана голдор менен коштолгон укмуштуудай оюнда Англия курама командасы Францияны 6:4 эсебинде утуп, коло медалдарга ээ болду.
Голдор:
Франция - Мбаппе (48, 66), Баркола (54), Дембеле (90+6)
Англия - Райс (3), Конса (18), Сака (37, 45+1, 87 - пенальтиден), Беллингем (90+8).
Жолугушуунун мыкты оюнчусу аталган Букайо Сака хет-трик жасады.
Матчтын башталышы Франциянын башкы машыктыруучусу Дидье Дешамдын шакирттери үчүн оор өттү. Англиялыктар алгачкы мүнөттөрдөн тартып эле атаандашынын дарбазасына чабуулдарды күчөттү.
Оюндун 3-мүнөтүндө Деклан Райс эсепти ачты. 18-мүнөттө Эзри Конса эсепти 2:0 кыла алды.
Биринчи таймдын аягында Букайо Сака дубль жасап (37 жана 45+1-мүнөттөрдө), командаларды тыныгууга Англиянын пайдасына таң калыштуу 4:0 эсеби менен жөнөттү.
Экинчи тайм баарын заматта өзгөрттү. Килиан Мбаппе 48- жана 66-мүнөттө дубль жасады. Баркола 54-мүнөттө гол киргизип, эсепти 4:3 кыла алышты.
Сака 87-мүнөттө пенальтини ийгиликтүү аткарып, эсеп кайра 5:3 болду.
Франциялыктар чабуулун токтотпой, 90+6 мүнөттө Дембеле гол киргизип, эсепти минимумга кайра жеткирди. (5:4)
Ошентсе да 98-мүнөттө Жуд Беллингем жекече рейдге чыгып, дриблинг менен бир нече коргоочуну алдап өтүп, топту дарбазага багыттады. Англиянын пайдасына эсеп 6:4 болду.
Англия курама командасы үчүн бул коло медаль - өз үйүндө жеңишке жеткен 1966-жылдан берки Дүйнө чемпионаттарындагы эң мыкты көрсөткүч болуп калды.
Франция болсо укмуштуудай мүнөз көрсөткөнү менен, медалсыз калды. Бул тарыхый беттеш ошондой эле бүтүндөй бир доордун бүтүшүн шарттады. Дидье Дешамдын Франциянын башкы машыктыруучусу катары көп жылдык жана ийгиликтүү башкаруусу расмий түрдө аяктады.