КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 14-жолугушуусуна катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 9-ноябрда, Москва шаарында жылда өтүүчү КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар эл аралык коопсуздукка карата учурдагы чакырыктар жана коркунучтар боюнча пикир алмашышты, ошондой эле калкты жана аймактарды ири масштабдуу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча оперативдүү маалымат алмашууну жакшыртуу маселелерин талкуулашып, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө компетенттүү органдардын ортосундагы кызматташуунун негизги багыттарын аныкташты.

Адилет Орозбеков өз сөзүндө санкциялар боюнча кысым, маалыматтык чабуулдар жана каржы системасынын алсыз жактарын пайдалануу сыяктуу заманбап коркунучтардын гибриддик мүнөзүн баса белгиледи. КМШнын алкагында каржы инфраструктурасын коргоо жана жаңы гибриддик чабуул ыкмалары боюнча маалымат алмашуу жөнүндө жалпы мамилелерди иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди. 

Кыргыз тарап табигый кырсыктардын жогорку тобокелдик аймактарында алдын ала координациялоо үчүн КМШнын кризистик борборлорунун ортосунда тез маалымат алмашуу үчүн бирдиктүү системаны түзүү, ошондой эле жаңы синтетикалык баңгизаттар боюнча оперативдик маалымат алмашууну күчөтүү жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү токтотуу үчүн координацияланган ведомстволор аралык операцияларды өткөрүү демилгелерин сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилеринин кеңешинин, КМШнын терроризмге каршы борборунун, Чек ара аскерлеринин колбашчылар кеңешинин жана Шериктештикке мүчө мамлекеттер үчүн практикалык мааниге ээ болгон башка тиешелүү түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө оң баа берилди.

Кыргыз Республикасы жалпы коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруу үчүн КМШнын алкагында биргелешип иштөөнү жактагандыгын тастыктады.

Андан соң иш-чаранын алкагында Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын атынан Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Түбөлүк отко гүлчамбар коюу аземине катышты.