Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз тапшырды
Новость

Бүгүн, 10-ноябрда, мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына расмий арыз менен кайрылды.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катышууну көздөөдө.

Белгилей кетсек, 10-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпы алты арыз келип түшкөн.

Ал эми президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны 13-ноябрга чейин уланат.