"Мегаком" чырына чекит коюла элек
Новость

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, "Мегаком" иши боюнча "Белизден" алынган документтерди дагы бир жолу жалган деп атады. Бүгүн эле бул маселе боюнча башка маалымат жыйынын азыр Раушан Айткулова болуп атын өзгөрткөн мурдагы Раушан Рыкунова өткөрдү. Ал беш жылдан бери Текебаев Мегаком компаниясынан жашыруун түрдө ири көлөмдөгү акча каражатын алып жүргөнүн билдирүүдө. 

POST1RIGHT Күн мурун бул маалымат жыйынында өтө маанилүү маалыматтар ачыкка чыгарылып, коомчулукта резонанс жаралары айтылып жаткан. Бирок Өмүрбек Текебаевдин айткандарында өтө деле олуттуу, жаңы деле эч нерсе болгон жок. Бийлик анын артынан түшүп, куугунтук кылып жатканы тууралуу бир нече жолу кайталады. "Белизден" алынган документтерди дагы бир жолу жалган маалыматтар деп, бул документтерди анын юристтери Борбор Америкалык өлкөлөрдөн алганын айтты.
Демек Текебаевдин юристтери "Белизге" алар убагында Алексей Елисеев ээлик кылган "Соусфилд" компаниясынын ак ционерлери болгонбу же болгон эмеспи деген маалыматты алуу үчүн кайрылышкан. Ал эми чет өлкөдөн кандай жооп келери күн мурунтан эле белгилүү болчу.
 Бирок мындай пикирге Өмүрбек Текебаевден кийин маалымат жыйынын берген Раушан Рыкунова макул эмес. Ал Ата Мекенчилердин лидери коомчулукту атайылап адаштырып жатат дейт. Текебаев, Шыкмаматов же Салянованы Бакиевдердин "Соусфилд" компаниясынын акционерлери деп эч ким айыптаган жок деп билдирүүдө.
 Алынган маалыматтарга ылайык, Өмүрбек Текебаев жана анын санаалаштары ойлогон ою ишке ашып кетсе гана Максимдин компаниясынан кандайдыр бир пайда алууну көздөшкөн. Бирок ниеттери ишке ашпай калды. Ал эми мындай деңгээлдеги саясатчынын аракетине шайлоочулар гана баа бериши керек.
Текебаевдин жана анын жакын санаалаштарынын фамилиясы үлүшкө ээлик кылуучулардын тизмесинен чыкпай калгандыгы таң калыштуу деле эмес дешет айрым серепчилер. Анткени келишим алып-сатуу эмес, траст түрүндө түзүлгөн. Мындай келишимдер дайым өзгөчө шарт менен жана жабык түрдө түзүлөт. Мурун Рыкунова деген ысымды алып жүргөн Раушан Айткулованын Мегакомго түздөн түз тиешеси бар. Ал 2010-жылдан бери Ата Мекен партиясы уюлдук компаниянын эсебинен байып, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн да мына ушул каражатка жүргүзүшкөнүн билдирүүдө.
Рыкунова Өмүрбек Текебаев жана анын тегерегиндегилер азыркы учурга чейин Мегакомго таасир этип келишкенин айтып берди. Компаниядан ушул күнгө чейин мыйзамсыз каражаттар чыгарылып жатканын билдирди.
Өмүрбек Текебаев бул маалымат жыйында жаңылык катары Аида Салянованы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети суракка чакырып жатканын айтты.
Саясат талдоочулар Текебаев өзүн актаганга башка арга таппай, элди адаштырууга туртүп жатканын айтышат. Бул анын бирден бир коргонуу тактикасы дешет.