Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, иш сапары менен Казакстан Республикасына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Президенти Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын башчылары жана Армения Республикасынын Вице-премьер-министри менен биргелешип Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана V Евразиялык экономикалык форумдун ишине катышат, ошондой эле Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборундагы өлкөлүк көргөзмөгө барат.






