Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россияга барат
Новость

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясына (Москва шаары) барат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.

Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.