Кыргызстандык жаш сүрөтчүнүн эки эмгеги “Academy of Ambitious Artist” Эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө катышууда. Нидерландиядан, Словения, Германия, Россия, Индия, Африка, Гаити жана башка дүйнөнүн алп мамлекетеринин таланттары менен Кристина Глазунованын эмгеги да коюлду.
“Academy of Ambitious Artist» көргөзмөсү Барселона, Алмата жана Астанада искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланууда.
Белгилей кетсек, таланттуу айым Лондонго бир нече чакырууларды алган, бирок бара албай калган. Ал эми Бишкек жана Москвада ийри көргөзмөлөргө катышып келет.
Сүрөтчүнүн эки эмгеги дүйнөнү кыдырып, таанылууга жана аукциндордо сатылууга чоң мүмкүнчүлүк алды.