Унаа кырсыгы беш адамдын өмүрүн алды
Новость ӨКМ КР

Бүгүн, 13- февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Mercedes-Benz 230 жана Audi 80 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. POST1RIGHT

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Кырсыктын айынан төрт адам ошол жерде көз жумуп, бир адам ооруканага жеткенде каза болгон.

Дагы бир адам Ысык-Ата райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. 

Куткаруучулар катуу ылдамдык менен келип кагышкан унаалардын ичинен 2 жүргүнчүнүн кыпчылып калган сөөгүн алып чыгышып, тиешелүү органдарга өткөрүп беришти.