Алоолонгон сүйүү отунун ысык илебине жылынып жүрдүк. Биздин бакыттын байрагы бийикттиктерде, аруулук каптаган сүйүү айылында гана желбиреп турар эле. Сүйүүнүн сүйкүм элесин тартуулаган, бакыттын балын таттырган жан шеригиме үй-бөлүү куруу тууралуу сунуш киргиздим. Карегиме кадалган карагат мончок каректери жылмая күлүмсүрөдү да, мындай деп оюн билдирди... Улукман Атабековдун "Мен издеген асылдык" аттуу новелласынан окуянын уландысын уга аласыздар!