Жапаров колундагы кан тамырын нан кескен бычак менен кескилеген
Новость www

Садыр Жапаров колундагы кан тамырын нан кескен бычак менен кескилегенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет. POST1RIGHT

Экс-депутат мурда жаткан №1 тергөө изоляторунан колунун кан тамыры кескиленип, №47 түзөтүү колониясынын ооруканасына жеткирилген. "Жапаров №1 тергөө абагында бир камерада үч адам менен отурган. 

Ал өзүнүн венасын өзү нан кескен бычак менен кесиптир, деп билдирет Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы. 

Маалыматка караганда, учурда саясатчынын абалы канааттандыраарлык акыбалда. Эске салсак, 25-мартта УКМК Садыр Жапаровду камакка алган. Экс-депутат кылмыш жаза кодексинин 227,341, 113 жана 234-беренелери (Барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык) боюнча айыпталууда.