СУУГА КЕТКЕН МЭЭНЕТ... же КАЙРАН ГАНА МЭЭНЕТ... деп койчу
Новость

Жарандык коомдун активдүүлүгү бул ирет да пайдасын берди. Өткөн аптанын аягында жолчулардын жолдогу чуңкурларды чампалап жаап бүтүрүп жаткан видеотасмасы социалдык тармактарга тарап кеткен. Анда жолго эч кандай техникалык талаптарды сактабастан асфальт төшөлгөнү көрүнүп турду.  Бул видео жарыяланып кеткен соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кызматтык иликтөө жүргүзүп, жоопкерчиликсиз кызматкерлерди аныктоо тапшырмасын берген. Ошондой эле өкмөт башчы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка бул факт боюнча тергөө ишин жүргүзүүнү жана кылмыш ишин козгоо сыяктуу эң катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Видеотасманын авторунун нааразычылыгында чек жок. Жолду оңдоп түзөгөн кызматтын жумушчулары жолду алдын-ала аң дөңдөн, ичине толуп калган суудан тазалабай туруп эле каалагандай оңдоо жумуштарына киришкен. Жоопкерчилик дегенден ныпым жок.Эмнеге өндүрүштүк технологияны сактабайсыңар? - деген суроого жогорку даражалуу мейман келет деп жооп беришкен. Өкмөттүн жумушчу жыйынында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бийликке болгон ишеним мамлекеттик органдар көрсөтүп жаткан тейлөө кызматынын сапатына көз каранды экенин билдирди. Мамлекет алдына чоң максаттарды коюп, өлкөдөгү ири жолдорду реконструкциялоого чоң көңүл бөлүп жатса, бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей видеотасмадагы окуя жалпы өкмөттүн кадырына шек келтирди.

Өкмөт башчы унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кызматтык иликтөө жүргүзүп, жоопкерчиликсиз жумушту жасаган кызматкерлер менен жетекчилерин аныктоо тапшырмасын берген. Анын жыйынтыгында №1-жол чарба департаментинин, жол эксплуатациялык ишканасынын 5 кызматкери жумушунан бошотулду жана эки кызматкерге сөгүш жарыяланды. Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жатканын айтып, жагдай толук иликтенип аягына чыгарын убада кылды. Премьер-министр жарандык коомдун көзөмөлү менен мамлекеттик аппарат жоопкерчиликсиз, иш үчүн күйбөгөн чиновниктерден тазаланып жатканын белгиледи. Ошону менен бирге өкмөт башчы өлкөдө жарандык коомдун активдүүлүгүн баса белгилеп, видеотасманы тараткан жаранга дагы ыраазычылык билдирди.