“Манас” эл аралык аба майданына мигранттар үчүн маалымат терминалдары орнотулду. Анын ачылыш салтанатына миграция кызматынын жетекчилиги, эл аралык миграция кызматынын, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты. “Манас” аба майданынын учуу залында эки маалымат терминалы иштеп баштады.
Терминалда ЕАЭБ өлкөлөрү, Түркия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары жана кыргызстандыктар көп барып иштеп жаткан башка мамлекеттердин эреже тартиптерин окууга болот. Маалыматтар кыска, так жазылган. Миграция кызматы мигранттар үчүн январь айында кол телефондорго мобилдүү маалымат жүктөмөсүн чыгарган. Терминалга да ошол маалыматтар жайгаштырылган. Терминалдар ЮСАИДдин "Укук жана кадыр барк" долбоорунун алкагында, жарандардын миграциялык коопсуздугуна жардам берүү максатында ишке ашууда.
Кыргызстанда 700 миңден ашык жаран дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жашап, иштеп келишет. Алардын басымдуусу Орусия менен Казакстанда эмгектенет. Орусиянын миграция мыйзамдарын так билбей же талаптарды так аткарбагандан улам үч жылда мурда кара тизмеге 100 миңден ашык кыргызстандык кирген. Андан бери кара тизме маселесин жөнөкөйлөштүрүү үчүн бийлик көп аракеттерди көрдү. Өлкө ЕАЭБке кошулганы уюм алкагында иштөө жеңилдеди. Маалымат терминалынын орнотулушу да башка мамлекетке жөнөп жаткан мекендешибизге - укуктук жактан жардам катары кызмат өтөйт.