ЕАЭБдин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин келди.


Россия президенти Владимир Путинди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ошондой эле, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко да келди. Аны дагы өкмөт башчы тосуп алды.

Кечээ, 13-апрелде Армения Республикасынын президенти Серж Саргсян жана Молдова Республикасынын президенти Игорь Додон келишкен.


Эскерте кетсек, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргызстандын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.
