Саясаттагы айымдар кызматташтыкты талкуулашта АЙЫМДАР САЯСАТТА БИРДИКТҮҮ БОЛСО
Новость

Саясат чөйрөсүндөгү 100дөн ашык активист аялдар менен жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутат айымдары Бишкекте чогулуп, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин ортосундагы шайлоочулардын муктаждыктарын чечүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. 

Анда Кыргызстандагы шайлоо процесстери, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы, аялдардын чечим кабыл алуусун жана саясатка катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештеги өз ара аракеттенүү иштери айтылды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактарда социалдык маселелер көп экенин белгилешип, аялдардын укугун коргоо боюнча буга чейин кабыл алынган мыйзамдар тийиштүү деңгээлде ишке ашпай жатканын айтышты. 

Ошондой эле, жакында парламент үч окууда кабыл алган “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү” мыйзамына президент кол койсо, анын аткарылышын көзөмөлдөө менен көп проблемалар чечилери айтылды. Мындан тышкары, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинде айымдардын орду 30%дан кем болбошу керек деген мыйзам да так аткарылбай жатканы баса белгиленди.

“6-чакырыш квоталарды шайлоодон кийин да сакталышы керек деген мыйзамды өткөрө алабызбы деп ойлонуп жатабыз. Бирге иш алып барсак, квоталар шайлоодон кийин да сакталып калат деп ишенебиз. Шайлоого чейин баары сакталып келе жаткан, бирок кийин кетип калып жатышат. Бул туура эмес. Муну мыйзам түрүндө киргизүү керек. Азыр жергиликтүү кеңештерге өткөрүп алсак, андан кийин ЖКны кабыл алсак жакшы болмок”, - деди ЖК депутаты, КСДП фракциясы Эльвира Сурабалдиева.