Журналист Турат Акимов ИИМге ишенбей жатат
Новость Internet

 Журналист Турат Акимов өзүнүн сабалышы боюнча ачылган кылмыш ишин ички иштер башкармалыгына тергетпей, мамлекеттик коопсуздук комитетине өткөрүп берүү өтүнүчү менен президентке кайрылды. 

Айрым депутаттар бул ишти Жогорку Кеңеш карап чыгышы керектигин жана журналисттин өтүнүчү зарылчылык болсо канааттандыруу керек экендигин айтууда. Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин билдирүүсүндө, журналистке кол салуу боюнча иштин бети сөзсүз ачылат. 

POST1RIGHT Эске сала кетсек, 20-февралда Бишкекте журналист Турат Акимов өз үйүнүн жанынан сабалган. Дүйшөмбү күнү ал маалымат жыйынын өткөрүп, кол салуунун артында министр Мелис Турганбаев турат деп шек санап жаткандыгын ачыктаган. Ушул эле күнү ИИМ бул билдирүүлөрдү төгүндөгөн болчу.

 Акимов жашырынууга аргасыз болуп жатканын жана анын өтүнүчү канааттандырылбаса, чет өлкөдөн баш паанек суроого мажбур болоорун билдирген.