КТРКда жаңы “Маданият. Тарых. Тил” телеканалы ачылат
Новость

Бүгүн КТРКда жаңы “Маданият. Тарых. Тил” телеканалы ачылат. Бул тууралуу "Ибарат" маданий-агартуу борборунун продюсери Назира Аалы кызы “Биринчи радиого” билдирди. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын базасында түзүлүп жаткан каналадын ачылыш-аземине Премьер-министр Темир Сариев жана маданият ишмерлери катышат. Бул телеканал кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын, анын ичинде кыргыз тилин кеңири таанытууга, ошондой эле азыркы кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн дагы өркүндөтүүгө багытталат. 2 жыл боюу КТРКнын “Маданият” каналы Республиканын баардык булуң-бурчтарына тестик режимде тартып келген. Эми бул каналдын өзүнүн материалдык-техникалык базасы, студиялар болот.

Президенттин буюругуна ылайык  “Маданият. Тарых. Тил” каналын ачуу тууралуу бир жетекчилик тарабынан бир катар иштер жасалды. Мына жаздын биринчи күнүндө канал обого чыккан турат. Бул  каналда мурунку “Маданияттан” айырмаланып, тарых жана тилке басым жасалат.