Алексей Миллер Чүй облусунун губернаторуна 5 миң куб метр газ белекке берди
Новость

POST1RIGHT“Газпром Кыргызстан” ишканасынын 4 автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясы ачылды. Ачылуу салтанатына “Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер жана вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев катышты. Вице-премьер-министр - бул газ өнөр жайынын курулушу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө карай жасалган маанилүү кадам экендигин белгиледи. 

Автоунааларды газ менен толтуруунун бир канча артыкчылыктары бар. Биринчиден, бензинге салтыштырмалуу 15 пайызга үнөмдөөгө болот. Жаратылышка зыяны жок. Ошондой эле, пайдаланып бүткөн газда уулуу коргошун жок жана көмүр кычкыл газынын аз өлчөмдө экендиги автоунаанын кыймылдаткычынын кызмат мөөнөтүн узартат. Азыр Бишкекте 200 автобус газ менен жүрөт. Алексей Миллер Чүй облусунун губернаторуна 5 миң куб метр газ белекке берди.

“Газ топтомо компрессордук станциялары Орусияда кандай курулуп жаткан болсо, Кыргызстанда да ошол эле темпте курулууда. Бүгүн биринчи станциянын ачылышы болуп жатат. Бул Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизет деген ишенимдемин. 2019-жылдын аягына чейин биз дагы 4 ушундай станцияны курабыз”,- деди  “Газпром” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер. 

POST2LEFTОшондой эле, “Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер “Газпром Кыргызстандын” окуу борбору менен да таанышып чыкты. Бул жерде газ толтуруучу станциялардын операторлору окуудан өтүүдө. Учурда бул кесипке суроо-талап жогору жана башка бир да окуу жайда бул багыттагы адистер даярдалбайт. Окуу борборунда адистер практикалык түрдө окуп, билимин тастыктаган документ чет өлкөдө да таанылат. 

“Окууну бүткөн адистерге атайын сертификаттар берилет. Бул документ менен башка мамлекетке барып иштөөгө да болот. Жогорку квалификациядагы адистерди даярдайбыз. Анткени, Кыргызстанда газ тармагындагы адистердин жетишсиздиги бар”,- деди "Газпром Кыргызстандын" адистерди даярдоочу борборунун директору Саида Рахманова.