POST1RIGHT
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон тарта кен байлыктар кеңири иштетиле баштады. Өзгөн районундагы "Сары-Таш" кенинде өндүрүлгөн "ракушка" - деген аталыштагы баалуу таштын экспортко кеткен көлөмү көбөйдү. Өзгөчө оймо чиймеси бар, кайталангыс көрүнүшкө ээ Кыргызстанда өндүрүлгөн бул таш - Россия жана Казакстандын административдик имараттарын, соода борборлору менен турак-жайларына көрк берүүдө. Андрей Ященко - таш кесүүчү. Ал өлкөнүн түштүгүндөгү таш иштетип чыгаруучу заводдо эмгектенет. Бул кесип кылдаттыкты талап кылат. Тонналаган чоң таш бир нече мүнөт аралыгында, бир калыпта тегиз кесилип катар тизилет. Өндүрүш тармагы швейцар саатындай так иштейт.
Ар бир кызматкер, жүк ташыгычтан тарта ташты жылмалаган жумушчуга чейин өз милдетин так билет. Анткени курулуш материалдын бир миллиметри кыйшык кетсе ал жарабай талапка жооп бербей калат. Бул жерде күн сайын 300 квадрат кесилген плита даярдалып, ал көрсөткүч айына 6 миңге жетет. Негизги бөлүгү экспортко кетет. Товар алуучулар менен келишим жетиштүү түрдө түзүлгөн. Суроо-талаптын көбөйүшү кадресе көрүнүш. Себеби мурун даяр продукциялар өлкө ичине керектелсе, азыр болсо сырткы өлкөлөргө чыгууда. Эгер “жашыл коридор” деген сапатка ээ сертификат болсо. Анда Россия менен казакстанга тоскоолдуксз чыкса болот дейт өндүрүш башчысы. Бул ЕАЭБдин талабы. Өзгөн жериндеги кенден чыккан ракушка ташын экспорт кылуу 2015-жылга чейин 10 миң тоннага жетсе, азыр ал сан 15 миңге жакындады. Өлкөнүн ЕАЭБ кириши бардык багыт боюнча өз жемишин берип жатат.