Кадамжай районунда катталган жол кырсыгынан 4 киши каза болду
Новость

POST1RIGHTБаткен облусунун Кадамжай районунда 10-сентябрга караган түнү катталган жол кырсыгынан төрт киши каза болду. Жол кырсыгына микроавтобус менен жеңил автоунаа кабылган. 

POST2LEFTҮй-бүлө мүчөлөрү бараткан Daewoo Matiz жеңил автоунаасы менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус кагышкан. Анын кесепетинен 44, 43 жаштагы жубайлар жана алардын 15 жана 1 жаштагы балдары каза болгон. Ал эми алардын 13 жаштагы дагы бир баласы оор жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген. Андан сырткары, кичиавтобуста бараткан жүргүнчүлөргө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү.