Бүгүн, КТРК курамындагы "Ала Тоо 24" телеканалынын уюшулганына 1 жыл толду. 2016-жылдын 12-сентябрында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала Тоо 24" телеканалы алгачкы ирет түз обого чыккан. Ошол күндөн бери телеканал 24 саат бою тынымсыз обого чыгып, жаңылык менен көрүүчүлөрдү камсыз кылып турат. Андыктан "Ала Тоо 24" телеканалынын бир жылдык маарекеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Мындан ары дагы Кыргыз элин жаңылыктар менен камсыз кылып тура беришине тилектешпиз. Миң Кыял ФМ радиосунун жалпы жамааты.
"Ала-Тоо 24" каналы коомчулукту жаңылык менен күнү-түнү кабардар кылган эң биринчи жана учурдагы жалгыз канал болуп саналат.