Токой чарбасына - 70 жыл!
Новость www

Өлкөдө токой тармагынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгын белгилеп жатышат. 1930-жылдары Кыргызстандын токой баскан аянты 1 миллион 194 миң гектарды, тактап айтканда 6 пайызды түзгөн. 

Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуш жылдары, ортодогу колхоздоштуруу, совхоздоштуруу жана калкты отурукташтыруу учурунда токойлор жапырт кыюуга дуушар болгон. 

Жыйынтыгында өткөн кылымдын ортосунда 3 пайыз токой каптаган аянт калып, 600 миң гектардагы бак-дарактар менен карагайлар жок болгон. 1950-жылдардан баштап токой өстүрүү колго алынып, азыркы күндө көрсөткүч 5,6 пайызга өскөн. Бирок айрым жерлерде мыйзамсыз карагай кыюунун көрүнүштөрү токтой элек.