Кыргызстандык Алтынай Абдымомунова Эл аралык Global Charity Queen сулуулук конкурсуна катышат. Иш чара Тайванда 12-23-сентябрга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында маалымдалат.
Сынакка бардыгы болуп 50 кыз катышат.
Мурда Абдымомунова “Мисс Кыргызстан – 2017” сулуук сынагына катышып, финалга чыккан. Бирок ошол күнү калыстар тобу аны сынактан четтетишкен болчу.
Алтынайдын айтымына караганда, калыстар тобу аны уюштуруучулар берген билеттерди сата албай калгандыктан четтетип салышкан.