«Liglass Trading» компаниясы менен келишим токтоду
Новость www

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Өкмөт менен «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу жазылган маалыматтарга карата Өкмөттүн маалымат кызматы бөлүмү төмөнкүлөрдү маалымдайт:

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Өкмөтүнүн буга чейин ГЭС куруу боюнча «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен түзүлгөн келишимин бир тараптуу жокко чыгаргандыгы тууралу токтомго кол койду. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен мындан аркы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. POST1RIGHT

Буга чейин, 2017-жылдын 5-октябрында, «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын жетекчилигинин көп жолку өтүнүчүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде «Liglass Trading CZ s.r.o.» чех компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болгон. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган компаниянын өкүлдөрүнө ортодо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттерди убагында аткарбаган учурда кыргыз тарап чечимди бир тараптуу жокко чыгарары тууралуу айтылган.

Белгилейт кетсек, бул жолку сүйлөшүүлөр Жогорку-Нарын каскадына ГЭСтерди куруу боюнча үч айдын ичинде талаш-тартышты чечүү үчүн түзүлгөн келишимдин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Жолугушуу маалыманда «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын өкүлдөрү талаш-тартыштарды чечүү боюнча өздөрүнүн сунушун берген. 

Бул сунуш кыргыз тарапты канаттандырган эмес. Анткени ал сунуш келип чыккан маселени чечпей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошумча чараларды көрүүсүн талап кылган сунуш эле. Бул кошумча убакытты талап кылгандыктан, ортодогу сүйлөшүүлөрдөн оң жыйынтык чыкпай, тараптар бир пикирге келе алган жок.