Жогорку Кеңештин тармактык комитети вице-премьер-министрлик кызматка Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.
Депутат Осмонбек Артыкбаев баш болгон бир катар эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Дайыр Кенекеев Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө баш-аягы эки жылдан ашуун иштегенин, бул мезгил аралыгында аймактын экономикасы көтөрүлгөнүн, Талас-Тараз-Суусамыр автожолу аягына чыгарылып жатканын белгиледи.
Ал коӊшу Казакстан менен мамиле жакшырганын, азыр чек арадагы Чоӊ-Капка өткөрүү жайында абал оӊолгонун кошумчалады.
Белгилей кетсек, Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги жакында жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун ордуна сунушталууда.