дипломатия
Новость

POST1RIGHT

Бүгүн Кыргызстанда дипломаттардын кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги ардагер элчилерди сыйлады. 

Соңку учурларда жаралган дүйнөдөгү көйгөйлөр бул кесиптин ээлеринен өзгөчө билим, тажрыйба, жөндөмдү талап кылууда. 

Тышкы саясаттагы жетишкендиктер өлкөнүн дипломаттарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Мекеме ар жыл сайын 24-октябрда өз ардагерлерине сый көрсөтүүнү салтка айландырган.

Кыргыз ССРнин Тышкы иштер министрлигин 10 жыл башкарган Күлийпа Кондучалованын кызы да кесиптик майрамын белгилеп жатат. Атактуу инсандын үй-бүлөөсүндө өскөн Ирина Оролбаевага Брюсселде Чыңгыз Айтматов менен бирге иштөө насип эткен. Индия, Непал баштаган төрт мамлекетте элчилик кызматты аркалап, азыр эс алууда.

“Элчи чет өлкөдө каалаганындай жүрөт деген жаңылыштык. Көп жерден өзүн чектегенге туура келет. Себеби анын жүрүм-туруму өлкөнүн жүзүн көрсөтөт. Чет элдиктер менен жөн гана сүйлөшүп жатканда да этият болуу зарыл. Чет элдиктер бүтүндөй бир элдин маданиятын анын элчисин көрүп тааный алышат. Кыргыз эли табиятынан дипломатияга жакын. Себеби, меймандостук бул кесип үчүн абдан маанилүү.”-деп билдирди Ирина Оролбаева.

Элчи чет өлкөдөгү мекендештеринин көйгөйүн угуп, аны чечүү менен гана алек болуусу жетишсиз. Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн алардын да шык-жөндөмү талап кылынат. Инвесторлорду ийге келтирип, мамлекетке ишеним артууга ынандыра алган элчини ийгиликтүү дипломат деп атаса болот. Дүйнөдөгү өзгөрүүлөр, көйгөйлөр бул кесип ээлерин да жаңыча иш алып барууга мажбурлап жатат. Кандай болгон күндө да дипломат өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын башка элди нааразы кылбай коргошу керек.

СНХ. ЖЭЭНБЕК КУЛУБАЕВ Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин директору
“Дүйнөдө болгон жаңылыктар бат алмашып, күндө түрлүү окуялар болуп жатат. Дипломаттар ал окуялардын Кыргызстанга кандай таасири тийээрин так билиши керек. Андыктан ыкчамдык керек. .... ..... Көп жаштар дипломат болгусу келишет. Себеби алар мерседес менен желекти желбиретип келаткан кызматкерди гана элестетишет. Бирок .... ....”

ЗКТ. Кыргызстанда чындыгында эле бул кесипке кызыгуу артты. Кошумча дипломго ээ болуу үчүн дипломатиялык академиянын босогосун аттаган жогорку билимдүүлөр аз эмес.
Өлкөнүн чет мамлекеттерде 36 элчилик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар.