Новость

Чүй облусундагы “Кошой” кант заводу учурда тынбай иштеп күнүнө 2 миң тоннага жакын кант кызылчасын иштетип, 450 тоннага чейин шекер чыгарууда. Бүгүн, 24-октябрда заводдо жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берилип, ММК өкүлдөрү үчүн пресс-тур уюштурулду. 13 жылдан бери токтоп турган заводго былтыр Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан 4 пайыз үстөгү менен 10 миллион доллар берилген. 

Ал каражатка завод жаңы жабдуулар менен жаңыланды. Кант кызылчасын кабыл алып, кайра иштетүүдө 800гө жакын жумушчу оорун түзүлгөн. Аталган фонд ошондой эле “Кайынды Кант” заводун иштетүүгө 7 млн долллар бөлгөн. 

Көп жылдан бери кант кызылчасын өстүрүп, дыйканчылык менен алектенип келген Мурат Калназаров жылдан жылга кызылчанын түшүмдүүлүгү артып, өстүрүп, жыйнап алуу да жеңилдегенин айтат. Бир кездерде гектарына 40 тоннадан алып келсе, учурда 90-100 тоннага чейин алгандар бар.Быйыл өлкөдө канча кызылча казылып алынса дагы баарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Анткени өлкөдөгү эки ири “Кайынды-Кант” жана “Кошой” заводдору ишке кирди.

Чүй облусундагы “Кошой” кант заводу учурда тынбай иштеп суткасына 2 миң тоннага жакын кант кызылчасын иштетип, 450 тоннага чейин шекер чыгарууда. 13 жылдан бери токтоп турган заводго Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан 4 пайыз үстөгү менен 10 миллион доллар берилип, өндүрүш толугу менен жаңы жабдыктар коюлган. Жогорку технологиялык жабдуулар жана керектүү тетиктер Германиядан, Украинадан алынып келинген. 

Завод өзү суткасына 300-400 тонна чейин кумшекер чыгарууга ылайыкташкан. “Кошой” заводу иштеп турса Кыргызстанды толук кант менен камсыз кылууга мүмкүн болорун заводдун жетекчилиги ишендирет. 

Сүймөнкул Идирисов,  Биринчи радио