POST1RIGHT
Мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу иши уланууда.
Кара-Балта шаарындагы Электр жылуулугу менен жабдуу жана суу менен камсыз кылуу боюнча өндүрүштүк бирикмеде эки кубаттуу, ири трансформация тынымсыз иштеп жатат. Ал Жайыл, Суусамыр өрөөндөрүн жылуулук менен камсыз кылат.
Өндүрүштүк бирикме “Кыргызжылуулук энерго” ишканасына бириктирилип, анын филиалы катары иш алып бара баштады. Бул ага сарпталып жаткан каражаттарды үнөмдөп, башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган. Мындан башка да мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат деген ишеним бар.
Мындай өзгөрүүлөр жылуулук тармагы менен гана чектелбейт. Өкмөттүн ишканаларды оптималдаштыруу тапшырмасына ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд атайын талдоо жүргүзүп, 62 ишкананы бири-бирине бириктирди. 90 ишкана мамлекеттик мекемелерде кайра уюштурулган. Ал эми 4 ишкана толугу менен жоюлду. Киреше бербеген, чабал жайларга оптималдаштыруунун эпкини тийди.
Учурда акционердик коомдордон сырткары толугу менен мамлекетке таандык болгон 105 ишкана калды. Оптималдаштыруу дагы уланат. Мүлктөрдү тескеген мекеме 32 ишкананы кайра уюштуруп, ал эми сегизөөнү биротоло жоюну сунуштап жатат. Бирок, кайсы ишканалар экенин фонд азырынча ачыктай элек.