POST1RIGHT
Мындан сырткары он жети чакырым жолдо жолдун үстүн майда таш менен быдырлоо иштери жүрдү. Бул көрсөткүч Тамчы - Корумду жолу жана Түп - Кеген авто жолдорундагы капиталдык ремонт иштерин эске албаганда.
Жол тейлөө мекемелеринен билдиргендей быйылкы жылы Каракол шаарында жана Тоң районунда жылдагыдан көп каттамдар капиталдык ремонттон өттү. Себеби бул аймактардагы жол каттамдары көп жылдардан бери ремонт иштерин талап кылып калган. Быйылкы жылы жолчулар көпчүлүк жумуштарды өз күчү менен ишке ашырышты.
Азыркы тапта жалгыз Каракол шаарында бир жарым чакырым жолдо капиталдык ремонт иштери уланууда. Бул каттамды эмки жылы ишке берүү пландалууда.