Күзгү түшүм жыйналган маалдан бери Ысык-Көл облусунда ири таттуу шире чыгаруучу завод ишке кирди. Эске сала кетсек бул завод былтыр эле ишке берилип, бирок аймактагы түшүмдүн жоктугунан улам токтоп турган. POST1RIGHT
Буга аймактагы аба ырайы себеп болгон дешет дыйкандар. Заводдун ишке киришине Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөтүп, завод беш түрлүү таттуу шире азыктарын Орусияга экспорттоп баштайт.
Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы шире заводу акыркы бир айдан бери күнү түнү иш алып барууда. Заводдо жыйырма беш адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болуп, жыл аягына чейин төрт жүз тоннага жакын шире чыгаруу планы коюлган.
Ысык-Көл облусу жыл сайын алманы он беш миң тоннага жакынын чет өлкөлөргө экспорттойт. Жерге түшүп, сатууга жарабай калганы андан көп болушу мүмкүн. Бул завод мындай алманы жергиликтүү элден сатып алып, андан эч кошулмаларсыз шире өндүрүүдө.