Кыргыздардын укук коргоо кызматынын басып өткөн жолу
Новость www.

POST1RIGHT

"Кыргыздардын укук коргоо кызматынын тарыхы" аталышындагы китеп. Муну милициянын эс алуудагы полковниги Жаңгарач Найманбаев жазган. Китепте төртүнчү кылымдагы чоролордон тарта, азыркы күндөгү милиция кызматкерлерине чейинки тарыхы жазылган. Башкача айтканда коомдук тартипти сактоо кызматы эзелтен бери эле бар болчу дейт автор.


Эң байыркы доордон баштап эле коомдук тартипти сактоо негизги милдет болгон. Алгачкы общиналык коомдо пайда болгон каада-салт, үрп-адаттар, тыюулар аркылуу жөнгө салынып келген.

Кыргыз мамлекетинин ички аскери кызматынын аталыш-ысымдары болжол менен төмөнкүдөй болгон: Кожо, жасак, сангун, чоро, (жан чоро), сакчы (жан сакчы), жасоол, аяр, ак таяктар (ала таяктар), мухтасиб, кароолчу, күзөтчү, жигит, ыстарчын, кызыл чок жана милиция.


Кыргыз милициясы жаңы түзүлгөндө жөө жүргөн. Ошондо да милдеттерин так аткарчу. Андан кийин ат, кийинчерээк мотоцикл жана москвичтер берилген.


Жаңгарач Найманбаев кыргыз милициясында эмгектенип, топтогон билимин барак бетине түшүргөн. Айтымында 1919-жылдын 1-январында азыркы Беловодское айыл аймагында болгон төңкөрүшкө каршы күрөштө милициянын 40 кызматкери курман болгон. Бул тууралуу маалымат кыргыз энциклопедиясында сакталуу. Төңкөрүшкө каршы турууда курман болгон милиция кызматкерлеринин сөөктөрү төөгө, атка, арабага жүктөлүп келип, Пишпектеги эмен багына салтанат менен көмүшкөн.





Жазылган китептен болгону 100 даана басылып, укук коргоо органдары менен прокурорлорго таратылган. Кемчиликтерди жана кошумчаларды эске алуу менен кайра толукталып жазылат дейт автору Жаңгарач Найманбаев. 


Эскерте кетсек 1924-жылдын 1-ноябрында - Кыргызстандагы милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.