Европага таанылган кыргыз жаңгагынын фестивалы өттү
Новость KTRK/videograp


Кыргыз жаңгагы. Мына ушундай бренд менен жаңгак европа өлкөлөрүндөгү базарларга чыгууда. Бул уникалдуу кыргыз жаңгагын дагы да даңазалоо максатында Жалал-Абад облусунун Арстанбап-Ата аймагында фестиваль болду. 

Иш-чаранын алкагында жарманке уюуштурулуп, анда жаңгактан жасалган ар түрдүү шириндиктер жана башка буюм-тайымдар коюлду.

Сузак районунун тургуну Каныкей Маматова жаңгак фестивалына быйыл биринчи жолу катышып жатат. Ал мындагы жарманкеге деп жаңгак быша элек кезде жасалган кыям жана анын маңызын бал менен аралашкан таттуусун алып келген.

Жарманкеге жаңгак продукциясынан сырткары токойдо өскөн мөмө жемиштердин кактары да коюлду. Давлаткан Арзыкулова жапайы алча, алма,ит мурун жана башка бир нече мөмө жемиштердин кургатылган кагын алып келген. Айтымында, учурда булар чет өлкөгө чейин сатылууда. 

Жаңгакты жана башка токой мөмө жемиштерин даңазалоо үчүн бул сыяктуу жарманкелерди байма-бай өткөрүү мерчемделди. Мындай аянтчанын арты менен жаңгактын баалуулугун жана баасын да көтөрүп алууга болот. Акыркы эки жылдын ичинде кыргыз жаңгагы Швейцария жана Францияга экспорттолууда. Ал эми Германия менен Голландияга мындан 5-6 жыл мурда эле сатыла баштаган.