Токмок шаарынын 150 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышып, чоң майрамдык салтанат өттү. Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Токмок Советтер союзунун учурунда ири өнөр жайлуу стратегиялык шаар болгон.
Токмокко 1867-жылы шаар макамы берилген. Ал кезде Түркестан генерал-губернаторлугунун алдында Токмок уезди болуп түзүлгөн. Токмок - Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндөгү жайгашкан Кыргызстандагы чоң шаарлардын бири.
Шаардын тегерегин биздин заманга чейин усундар, кийинчерээк көчмөн түрк уруулары, анын ичинен кыргыздар мекендеген. Калаа жайгашкан аймак байыркы жана орто кылымдардагы тарыхый эстеликтерге да бай. Учурда Токмокто 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт.