Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулардын республикалык сынагы өттү
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTКыргыз Эл артисти, залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулардын республикалык сынагы өттү. Кароо сынак Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында болду. 

Иш-чарага Нурак Абдрахмановдун күүлөрүн жогорку деңгээлде черте билген 35 жашка чейинки 20 комузчу катышты. 

Алар залкар комузчунун "Соң-Көл", "Улуу тоолор", "Мезгил жаңырыгы", "Аттила хан", "Ата мурасы", "Азаттык камбаркан", "Өмүр көчү", "Алтын балалык", "Үркүн", "Шаттык" аттуу күүлөрүнүн ичинен үчөөнү тандап чертүүсү шарт. 

Уюштуруучулар билдиргендей, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 10-ноябрда өтөт.