Акыркы 5 күндө катталган жол кырсыктарынан 30 адамдын өмүрү кыйылды
Новость МЧС КР

Быйылкы  жылдын 10 ай ичинде өлкө  аймагындагы  унаа жолдордо  695 киши каза тапты. Акыркы беш күн  ичинде эле 30 киши авто кырсыктан  өмүрү менен  кош айтышкан.  

Айрыкча  жогорку  ылдамдыкта  кетип баратып жөө жүргүнчүнү  сүзүп кеткен  учурлар менен  эки унаанын  кагылышынан пайда болгон кырсыктар күндүн негизги көйгөйүнө  айланып жатат. 

Кийинки  пайыздык көрсөткүчтөдү  мас  абалында  унаа башкаргандар, жол эрежесин сактабагандар жана  карама-каршы тилкеге  чыгып ажал менен  арбашкандар  түзөт. Жол коопсуздугун  көзөмөлдөө  кызматкерлери мындай чектен чыгууну  айып пулдун көлөмүн  көбөйтүү  аркылуу  жөнгө  салууга  болорун  белгилешет. POST1RIGHT


Эл арасында  соңку  учурларда  авто кырсыктардан  бейкүнөө  жарандар согуш  мезгилиндей  каза таап жатат деген  кептер  арбын айтыла баштады. 9-октябрь күнкү  парламенттик жыйында  депутат  Рыскелди Момбеков буга  беш күн ичиндеги  республикада катталган  жол кырсыктарын  мисал келтирди. Эл өкүлү  Кыргызстан  кырсыкстанга  айланып баратат  дейт. POST2LEFT 


Ири кырсыктан бир учурда эле 10 дон ашык  адамдын  көз жумган  учурлары  кийинки  мезгилдерде  арбын  каттала баштады. Алсак, 2012-жылы  Алмата-Астана унаа жолунда  16 кыргызстандык  каза тапса, 2015-жылдын апрель айында Казакстандын Жамбыл  облусунда  катталган  авто кырсыктан 15  жаран  мерт кеткен. 

Жакында  эле  Бишкек-Ош  унаа жолундагы  авариядан  10  адам мүрт кетти. Россияда  катталган  авто кырсыктардан 6 дан, кээ бир учурларда  8 ден  мекендештердин  набыт кетиши  бул  статистикага кирбейт. Кыргызстандын  өзүндө  эле  жеңил унаа менен  оор жүк ташуучу  унаалардын кагылышынан,  жаш балдардын ээнбаштыгынан жогорку ылдамдыкта бара жатып жол жээгиндеги дарактар, электр мамычаларын сүзүп алуудан  жана  жол эрежесин  так сактабоодон  болуп,  күнүгө   бешке  чейин  адамдардын  өлүүсү  коомго сиңип бараткандай. 

Г.Каражанова, Биринчи радио