Бишкекте биринчи жолу жүргүнчүлөр үчүн асма өтмөк ачылды
Новость Мэрия Бишкек

Биринчи жолу Бишкекте жүргүнчүлөр үчүн жер үстүнөн өтүүчү өтмөк ачылды. Ал борбор калаабыздын  Аламүдүн районундагы базардын жанында,  салынган. Өтмөктүн узундугу 33, туурасы үч, бийиктиги беш метрди түзөт жана он беш кишиге ылайыкташкан лифт дагы орнотулган. Иш-чарага шаар мэри Албек Ибраимов жана башка бийлик өкүлдөрү катышты. POST1RIGHT


Бишкек шаарындагы Курманжан датка көчөсү менен Жибек Жолу көчөсү  тарапта жер өтмөк ачылды. Ал атайын Аламүдүн базарынын жанында кардарлардын көптүгүнө байланыштуу курулган.   Өтмөктөр баардык талаптарга жооп бергидей заманбап жана  сапаттуу салынды. Жер үстүндөгү өтмөктүн салынышына шаардык бюджеттен тийиштүү акча каражатты бөлүнгөн  деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.


Жер үстүндөгү өтмөктүн ишке берилиши жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу болду. Эми жүргүнчүлөр жолдо  жүргөн унааларга тоскоолдук жаратпастан өз жолу менен кете берет.  Кардын, жаандын жааганы да жөө жүргүнчүлөргө  тоскол болбойт. Анткени жер өтмөктүн үстү толук сапатуу айнек менен жабдылган.    Анан калса карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар  үчүн атайын эки жагында  лифттер орнотулган. Өтмөктүн узундугу 33, туурасы үч, бийиктиги беш метрди түзөт дейт Бишекек шаарынын Свердлов районун акими Самарбек Болотбеков.


Бул жаңы салынган жер үстүндөгү өтмөк шаар үчүн кооздук гана эмес, коопсуздукту дагы сактайт. Демек  жолду кесип өтүп капысынан жол кырсыкка кабылгандардын саны азайат деген ишеним бар. Андыктан  шаар  тургундары үчүн  жаңыланган ар бир буюмду бүлдүрбөй туура пайдалануу жарандардын колунда деп кошумчалады Самарбек Болотбеков.

Бегайым  Абдыкадырова,  Биринчи радио