Борбор калаага залкар инсан Сүймөнкул Чокморовдун айкели орнотулду
Новость KTRK/videograp

Залкар инсан Сүймөнкул Чокморовдун айкели Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кино театрынын жанында  ачылды. Иш чарага кыргыз   Өкмөтүнүн башчысы Сапар Исаков, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, Орусиянын Свердлов облусунан келген делегация, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты. POST1RIGHT

Сүймөнкул  Чокморов талантынын көп кырдуулугу менен көпчүлүккө кеңири таанылып, кыргыз  көркөм өнөрүнүн казынасына өзүнүн бай үлүшүн кошконун өлкөнүн премьер-министри  Сапар Исаков белгиледи. 

Ал чыгармачылык ишин сүрөтчүлүктөн баштап, спортто да  бийиктиктерди багындырып, кино өнөрүндө кайталангыс образдардын жаратканын,  артында кылымдарга өчпөс из калтырганына токтолду.

К.Калилов, Биринчи радио