POST1RIGHTАлимент төлөөдөн качкандардын аты-жөнүн интернетке жарыялоо сунушталууда. Буга тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоорунда сот департаментинин расмий сайтына мурдагы үй-бүлөсүнө карыз болгон адамдардын аты-жөнү, төлөбөй жүргөн акчанын суммасы жана сүрөтү жарыяланат деп жазылган.
Ошондой эле карыз болгон адамды аң уулоого чыгуу, транспорт башкаруу сыяктуу айрым укуктарынан убактылуу ажыратуу сунушталууда.
Бул документ үй-бүлөнү коргоого жана алименттик милдеттерди жөнгө салууга багытталган.