Кыргыз бренди Африкада сатылууда
Новость kabar.kg

POST1RIGHT

Айымдардын кийимин тиккен кыргызстандык ишкананын продукциясы Түштүк Африканын Кейптаун шаарындагы эң кымбат дүкөндөрдүн биринде сатылууда. 

Ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаевдин айтуусуна караганда, дүкөндүн кожоюнуна кыргыз брендиндеги кийимдери жагып калып, дүкөнүнүн текчесине коюп, сата баштаган. 

Ал Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерге кызыккан кардарлардын саны көбөйө баштаганын айткан.