19-ноябрда жол кырсыктарынан жабыр тарткандарды эскерүүнүн эл аралык күнү
Новость www.

POST1RIGHT

Буга байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кант шаарында тартип коргоо органдары жана коомчулук менен биргеликте эртең мененки саат 10до атайын иш-чара уюштурганы жатат.

Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Анда балдар үчүн атайын сүрөт конкурстары уюшулуп, жол кырсыктарынын кесепеттерин алдын алуу боюнча чакан программадагы акция өтөт. 

Мындан тышкары жол кырсыгынан жабыр тарткан жарандарды эскерип аза күтүү катарында, жол кыймылындагы бардык автомашиналар 3 мүнөткө убактылуу токтотулат.