Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн акыркы маалымат жыйынын өткөрдү
Новость Султан Досалиев

Президент Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн президент катары акыркы маалымат жыйынын өткөрдү. Суроо-жооп жалпысынан 2 жарым саатка созулуп, ага 140тан ашык жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын кабарчылары катышты. POST1RIGHT

Суроолордун негизги бөлүгү - президенттин 6 жылдык башкарууда жеткен ийгиликтери жана жасалбай калган иштер, жакынкы жылдардагы Кыргызстандын келечеги, мындан сырткары өлкө башчынын кийинки президентке кеп, кеңеш, насааттарына арналды. 

Өз сөзүндө президент кыргыз-казак чек арасындагы абалга токтолуп, бул боюнча Евразия экономикалык биримдигинин деңгээлинде чечим кабыл алынышы керектигин белгиледи. 

Ошондой эле, акыркы 6 жылдагы коррупцияга каршы күрөш, сот реформасы, кадр саясаты жана мамлекетти бекемдөөгө багытталган бир топ маселелер тууралуу суроолорго жооп берди.