“Өмүрлөш элек” уктуруубуздан Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү комузчу-күүчү, ырчы-дастанчы Нурак Абдырахмановду эскерип сөз кылабыз. Жалпы журт жакшы билгендей эле Нурак Абдырахмановдун биринчи жубайы Күмүшай Бетегеева болгон. Бармактайынан бирге жүрүп баш кошушкан жубайлар 4 уул 3 кыздуу болушкан.15 жыл бирге жашашкан. Кийин тагдырдын буйругу менен Аманбү Төрөгелдиева менен баш кошкон. Экинчи жубайы экөө дагы 4 уул 3 кыздуу болушкан.