“Биз экөөбүз” уктуруубуздан изги тилектерге умтулган, өнөрү менен өзгөлөрдү шыктандырууну көздөгөн, таланттары менен узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына азын-оолак белгилүү болгон үй бүлө мүчөлөрү менен маектешебиз!
Кыргыз радиосунун куттуу студиясынын меймандары жазуучу, журналист Мамат Сабыров жана өмүрлүк жары акын, журналист Динара Бейшеналиева. Уктурууну даярдаган Адилет Дастан уулу.