Токмок шаарынын 30 пайызга жакын аянтынан жер алдынан суу чыгып жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Көтөрүлгөн суу турак-жайлардын жер төлөсүнө толуп, ал турсун короо-жайына жана көчөлөргө чейин каптаган.
POST1RIGHT
Жер астындагы суу күз айларынан тарта жогорулап отуруп, эми минтип үстүнө чейин жеткен. Кээ бир бөлүгү сазга айланган. Суунун жер алдынан толук акпай жатышына себептер бар. Мисалы, бул май куюучу жай сарыккан суу агып өтүүчү каналдын үстүнө курулган.
Алдына түтүк ташталганын көрсө болот. Жергиликтүү тургундар "АЗС мыйзамсыз, туура эмес курулган, суунун толук акпай, үйлөрдү капташынын себеби да ушул",- деп нааразы. Бир көчө алыс турган Полина Киселёванын тамынын жер төлөсү бассейнге айланган. Мындай көрүнүштөр көп кездешет.
Бул жердин тургундары май куюучу жайдын үстүнөн арызданып барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес. Талашка түшкөн жер 2009-жылы менчикке өтүп, каналдын үстү түздөлүп мындан 3 жыл мурун курулган май куюучу жай ишке кирген. АЗС канал үстүндө турганына карабай, анын өкүлү баары мыйзам чегинде деген ишенимде.
Шаар бийлиги жаратылыш кырсыгы менен күрөшүүгө чамасы жетпей жатат. Сууну алып өтүш үчүн кээ бир көчө арык болуп казылган. Андан тышкары түтүктөрдү тазалоо жана тереңдетүү жумуштары жасалууда.