“Кайдасың?” көрсөтүүсү аркылуу Күлүмкан эне Кытайдагы бир туугандарын тапты
Новость KTRK/videograp

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Кайдасың” программасы менен Кытайдын борбордук телевиденисинин CGTN (CДЖИТН) орус тилиндеги кызматынын кызматташтыгынын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Түп районунда жашаган 84 жаштагы Күлүмкан эне Кытайдагы бир туугандарын тапты. CGTN каналынын журналисттери убагында Кытайга барып отурукташып калган казак кызы Күлүмкан эненин жакындары менен баарлашып кайткан. MEDIA1LEFT


84 жаштагы Күлүмкан эненин каты боюнча КТРКнын “Кайдасың” программасы CGTN (CДЖИТН) орус тилиндеги кызматындагы кесиптештерине кайрылган. Эл аралык канал менен КТРКнын байланышы Кытай тараптын сунушу менен ага чейин түзүлгөн. Бул кызматташтыктын натыйжасында эки айдын ичинде жооп кайтарылып, Кытайлык кесиптештердин аракети менен Кыргызстандагы эненин каты боюнча бир туугандары табылды. CGTN (CДЖИТНдин) чыгармачыл тобу Сцинзяндагы Кулжа шаарынан 150 чакырым ары жайгашкан айылда жашаган жакындарына чейин барып, репортаж даярдап кайткан.

Тараптар кызматташтыкты мындан да арттыруу максатын көздөп турушат. Бул жана башка жагдайлар боюнча байланыш түзүү маселелерин талкуулоо үчүн CGTN (CДЖИТН) каналынын өкүлдөрү Бишкекке келген. КТРК жетекчилиги менен жолуккан кытайлык кесиптештер келечек пландар тууралуу сөз кылышты.

Ага туугандары тууралуу кабарды укканда Күлүмкан эне көзүнө жаш алып, ата-энесине, бир туугандарына жолуксам деген көп жылдан берки тилеги, кусалыгы орундалаарына абдан кубанган. Эненин турмушундагы бул жагымдуу учурларды “Кайдасың” программасы тасмага түшүрүп, 84 жаштагы Күлүмкан Муканбеткерим кызы жашаган Түп районундагы Маяк айылына барып программа даярдап, эфирге чыккан.

1934-жылы Кытайда Кара-Буура деген айылда туулган, ата-энеси Кытайда жашаган казактар. 13 жашында Кытайга убактылуу ооп барган Кыргызстанда жашаган казактардын уулуна турмушка чыгып, кийин Күлүмкан эне кайын журту, жолдошу менен Ысык-Көлдүн Түп районуна көчүп келген.